«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты

«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жанына нааразылык акциясына чыккан кызматкерлер  жетекчиси иштен алынып, ордуна жаңы адам дайындалышына нааразы болуп жатышат.

Митингчилер жаңы дайындалган жетекчи кылмыш ишинин фигуранты катары өтүп жатканын жана башкы директорду алмаштырууда мыйзам одоно бузулганын айтышууда.

27-октябрда Доскул Бекмурзаевдин ордуна башкы директорлукка Улан Астаркулов дайындалган.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен.

«Түндүкэлектр» – Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу бөлүштүрүүчү компания.

 

Тэги: митинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>