Site icon Reporter.kg

Түркиядан чартердик каттам менен 328 кыргызстандык кайтып келди

Түркиянын “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын учагы менен  328 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу 9-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чартердик каттам коронавирус пандемиясына байланыштуу авиа каттамдардын токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жиберилди.

Exit mobile version