Site icon Reporter.kg

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга келди

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабаралды.

Корей премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун кореякомпаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушуулардыөткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Түштүк Кореянын премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.

 

Exit mobile version