Site icon Reporter.kg

Түз эфир: Бишкекте КЭДП партиясынын тарапташтары митингге чогулушту

Бишкекте Административдик соттун жанына КЭДП саясий партиясынын тарапташтары чогулушту. Саат 14.00гө карата жеринде 20дай адам бар.

Митингге чыккандар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы партиянын 15 миң добушун уурдап алган деп жатышат.

Жеринде милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөөдө.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы КЭДП партиясын шайлоодон четтеткен. БШК чечимди күчүндө калтырган. Бүгүн, 29-апрелде КЭДП партиясын Бишкек шаардык кеңешинен алып салуу маселеси Административдик Сотто каралат.

Exit mobile version