Site icon Reporter.kg

Төрага Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркиягадагы иш сапары башталды

Бүгүн, 15-июлдан тарта Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун жогорку деӊгээлдеги, тагыраак айтканда, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин төрагасы «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө арналган иш-чарага да катышат.

Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Exit mobile version