Түлөбаев: Базарчылар менен күрөштө күчүбүз жетпей, УКМКдан жардам сурадык — видео

Түлөбаев: Базарчылар менен күрөштө күчүбүз жетпей, УКМКдан жардам сурадык — видео

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураган. Бул тууралуу өзү шаар бийлигинин жыйынында билдирди.

“Айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. “Ош” базарынан, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” базарында акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик”, — деди Түлөбаев.

Ошондой эле Түлөбаев “Ош” базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин кошумчалады. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тарап, талкууга жем таштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>