Түлөбаев: Бишкектеги кафе-ресторандар 15-20 күнгө жабылат

Түлөбаев: Бишкектеги кафе-ресторандар 15-20 күнгө жабылат

Бишкек шаарындагы кафе-ресторандар 15-20 күнгө жабылат. Бул тууралуу калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Түлөбаев борбордо илдет жайылып, кооптуу абалга келип калганын айтты.

«Коронавирус кооптуу абалга келе атат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган эме экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралат», — деп жазган ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери бул илдеттен каза болгондордун саны 1167ге жетти.   Ал эми коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 61 309 болсо,  52 343 бейтап илдетти жеңип чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>