Бизге айткан эмес! Түлөбаев камакка алынган акимди ишке алганына өкүндү

Бизге айткан эмес! Түлөбаев камакка алынган акимди ишке алганына өкүндү

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев коррупцияга шектелип кармалган Октябрь районунун акими Константин Куценко тууралуу үн катты.

Ал “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Константин Куценкону ишке алганы үчүн өкүнөрүн билдирген.

“Октябрь районунун аким Куценко үчүн кечирим сурайм. Текшербей кызматка алганым үчүн. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз”, — деп жазган шаар башчысы. 

Октябрь районунун акими Константин Куценко Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 23-ноябрда кармалган.

Анын конфискациялана турган  жерди камактан чыгаруу боюнча коррупциялык ишке катыштыгы бар экени айтылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>