Түлеев коронавирус менен күрөшкөн медиктерге батир берерин убада кылды – видео

Түлеев коронавирус менен күрөшкөн медиктерге батир берерин убада кылды – видео

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев  “Фейсбук” баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, оор шартта коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерге бирден батир берерин убада кылды.

“Баарыбыз үйдө камалып, экономикабыз дагы токтоп турган учурда мен биздин медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирет элем.  Оор шаартта коронавирус менен күрөшүп жаткан ар бир  дарыгерлерге ыраазычылыктын белгиси катары, Бишкектин борборундагы көп кабаттуу жапжаңы үйдөн 1 бөлмөлүү батир берем”, – деп билдирди Түлеев өзүнүн кайрылуусунда.

Ал ошондой эле, курулуш тармагында иштеген башка ишкерлерге кайрылып, медиктерге жардам берүүгө чакырып кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>