Өлкөдөгү абалга байланыштуу электр энергия акысын убагында төлөбөгөндөр үчүн туум (пения) 1-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.
“Республикага өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, өлкөдөгү бардык абоненттер электр энергияга болгон акыны убагында төлөй алышпайт. Ошол себептен компания 1-апрелден тарта пения кошууну токтотту” — деп жазылат маалыматта.
«Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон төлөмдү электрондук капчык же төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт.
Эске сала кетсек, төлөм сатуу түйүндөрү жана MegaCom компаниясы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.