Түндө өлкө боюнча коммендаттык сааттын талаптарын бузган 148 жаран кармалды

Түндө өлкө боюнча коммендаттык сааттын талаптарын бузган 148 жаран кармалды

30-мартка караган түнү кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коммендаттык сааттын талаптарын бузган 18 унаа токтотулуп, 148 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 122, Ош шаары боюнча -8, Жалал-Абад шаары-9, Сузак району боюнча-4, Ноокат району боюнча-1 жана Кара-Суу районунда-4 адам кармалган.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.

Жалпысынан алганда беш күндүн ичинде өлкө аймагында коменданттык саатты бузгандыктары үчүн 1087 жаран кармалган.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык,  тартипти бузгандыгы үчүн кармлаган адамдар коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>