Түндө жалгыз адамды тоногон “өспүрүм каракчылар” кармалды – сүрөт

Түндө жалгыз адамды тоногон “өспүрүм каракчылар” кармалды – сүрөт

Бишкекте адам тоноого шектелип 9 адам кармалды.  Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 1-ноябрда таңкы саат 05:30дар чамасында милицияга Орозбеков жанан Киев көчөлөрүнүн кесилишинен тоноо фактысы орун алганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке укук коргоо кызматкерлери барып, жабырлануучу 31 жаштагы Ф.С аттуу жарандын арызын кабыл алышкан.  Ал бир нече бейтааныш адам коркутуп,  «REDMI NOTE 6» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун тартып алышканын билдирген.

Ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп, кылмыш изи сууй электе, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 9 адам кармалган.

Алар; 2001- жылы туулган Э. Н., 2001- жылы туулган Э.Э., 2001- жылы туулган Б. Ж., 2001- жылы туулган А. А., 2002- жылы туулган С. А.,2002- жылы туулган Д. Б., 2002- жылы туулган Ж. У., 2002- жылы туулган К. Р., жана 2001- жылы туулган И. Б аттуу жарандар болгон.  

Шектүүлөр Биринчи май райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Жазык кодексинин 201- беренесинин ( Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

[su_image_carousel source=»media: 46571,46572″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>