Түп районунун тургуну үй карантин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды

Түп районунун тургуну үй карантин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды

Талды-Суу айылынын тургуну үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды.
Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп, 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок майдын 17 жана 18де үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Учурда Ысык-Көл облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>