Түптө сарайдан жылкы уурдап чыккан адам видеокөзөмөлгө түшүп калган

Түптө сарайдан жылкы уурдап чыккан адам видеокөзөмөлгө түшүп калган

Ысык-Көлдө жылкы уурдоого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда Түп районунун Ой-Тал айылынын 46 жаштагы тургундун сарайына белгисиз адам кирип, жылкысын жетелеп чыгып уурдап кетүүгө аракет кылган. Аны үй ээлери көрүп калып, аркасынан кубалаганда малды таштап качып кеткен. 

Мал ууру жылкыны сарайдан алып чыгып бара жатканы видеокөзөмөлгө түшүп калган. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурулукка шектелип Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 52-жаштагы тургуну К.М. кармалып, ал күнөөсүн мойнуна алган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>