Түптө жылкыларга коронавирус жуктубу? Акимдин жообу

Түптө жылкыларга коронавирус жуктубу? Акимдин жообу

18-майда Түп районунун Михайловка айылынын тургунунун эки жылкысы түшүнүксүз оорудан өлгөнү социалдык тармактарга тарап кеткен.

Видеонун автору жылкысы чөп жебей, дене табы көтөрүлүп, өпкөсүн кагып жөткүрүп жатканын айтат. Ошондой эле ал  буга чейн ушундай оору менен үч жылкы өлгөндүгүн кошумчалайт.

Видео социалдык тармактарга тараган соң интернет колдонуучулар бул оору коронавирус болушу мүмкүн экендигин айта башташкан.

Бирок Түп районунун акими Элчибек Жантаев жылкылар коронавирустан өлбөгөндүгүн “Турмуш” басылмасына билдирген.

“Анализдин жыйынтыгы кечээ, 19-майда чыкты, 4 баш жылкыдан ринопневмония, бир баш жылкыдан грипп оорусу аныкталды. Учурда аймактын ветеринардык кызматкери ылаңдын тарап кетүүсүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, иликтөө жүргүзүлдү. Ылаң чыккан короо жабылып, жылкылардан алынган анализ Бишкекке жөнөтүлүп, корутундусун алдык. Короо дезинфекцияланып, Михайловка айылында малга ринопневмонияга каршы эмдөө жүргүзүлөт”, — деп билдирген райондун акими.

Ал социалдык тармактардагы тарап жаткан маалыматтарга  башка жердеги сүрөт, видео кошулуп, туура эмес маалымат тарап жатканын кошумчалаган.

Ушундай эле маалыматты жергиликтүү тургундар дагы айтып, видеодогу боз жылкы Михайловка айылына тиешелүү эместигин  билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>