Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат

Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат

31-мартта Казакстандын Түркстан шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин бейрасмий саммити өтөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, саммитти Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев демилгелеп, ага кеңешке мүчө бардык өлкөлөрдүн башчылары катышары күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркстанды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялаган декларацияга кол коюу каралган.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы октябрда түзүлгөн. Башкы максаты бардык тармактар боюнча өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү болгон бул эл аралык уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Венгрия кеңештин ишине байкоочу катары катышат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>