Түркия күрддөргө каршы согуштук операциясын убактылуу токтотту

Түркия күрддөргө каршы согуштук операциясын убактылуу токтотту

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы жасаган «Тынчтык булагы» операциясын убактылуу токтотту. Түрк президенти Реджеп Тайып Эрдоган мындай чечимди АКШнын вице-президент Майк Пенс менен 5 саатык сүйлөшүүдөн кийин кабыл алган.

Операцияны токтотуунун мөөнөтү 120 саатка белгиленген, бул убакыт аралыгында күрд күчтөрү өз эрки менен Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетиши керек. Эгер чыгып кетсе Анкара күрд кошуундары менен жарашууга барат, ал эми АКШ Анкарага салган санкцияларын кайтарып алат.

Белгилей кетсек, Түркиянын армиясы күрддөргө каршы аба соккуларын октябрь айынын биринчи аптасында баштаган.

Анкаранын Сирия аймагына жасаган аскердик операциясын токтотууга үндөп АКШ Түркияга санкция киргизген. Ал эми  Европа Биримдик Анкаранын бул аракеттерин сынга алган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>