Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди – сүрөт

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди – сүрөт

Бугүн, 4-ноябрь күнү Кыргызстандын Улуттук Гвардиясында Түркия тарабынан берилген аскердик автоунаа техника жана ооруктук мүлк-буюмдарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдан кабарлашты.

Иш-чарага өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы Таалайбек Омуралиев жана Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат катышты.

Тараптар кыргыз-түрк аскердик байланыштардын абалы, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланыштарды мындан ары чыңдоо жөнүндө пикир алмашышты. Башкы штабдын башчысы Түркия тарабынан көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрү тарабынан 2015-2016-жылдарындагы аскердик финансылык кызматташтык боюнча түзүлгөн Макулдашууларынын алкагында, Түркия тараптан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы 2020-жылдын сентябрь айында келген.
[su_image_carousel source=»media: 47095,47089,47090,47091,47092,47093,47094″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>