Түркия Кыргызстанга медициналык каражаттарды жөнөттү

Түркия Кыргызстанга медициналык каражаттарды жөнөттү

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам жүктөлгөн «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы «Манас» Эл аралык аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конгон.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;

50 кычкылтек концентратору; 

20 миң ПЦР-тест комплекти;

20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;

50 миң N95 коргоочу беткаптары;

100 миң хирургиялык беткаптар;

35 миң коргоочу костюмдар;

2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;

10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн КР Саламаттыкты сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган: 200 упаковка тест-системалары, 5 миң бир жолу колдонуучу беткаптар, 200 коргоочу костюмдар, 100 коргоочу фильтри менен беткаптар жана 12 коргоочу көз айнек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>