Түркияда өспүрүмгө ыдык көрсөткөн адам Кыргызстанда ЖОЖдордун биринде иштеп жүргөн

Түркияда өспүрүмгө ыдык көрсөткөн адам Кыргызстанда ЖОЖдордун биринде иштеп жүргөн

Түркияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн түрк жараны Кыргызстандан кармалды.

“36 жаштагы кылмышка шектүү Интерпол тарабынан  издөөдө жүргөн. Ал Кыргызстанга 2018-жылы келип, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөн”, — деп жазылат маалыматта.

Шектүү Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1 айга тергөө абагына киргизилген. Учурда аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>