Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз өтөт

Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз өтөт

Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну тай казансыз өтөт. Мындай чечимди 22-февралда Түркияда өткөн жыйында Эл аралык көк бөрү федерациясы кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жыйында көк бөрү турнирин тай казансыз өткөрүүнү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Ооганстан колдогон. Ал эми тай казанды колдонуу сунушуна Кыргызстан гана добуш берди.

Белгилей кетсек, Эл аралык көк бөрү федерациясына кирген жаңы эрежеге ылайык,  оюн 20 мүнөттөн 2 тайм менен өтүп, тай казан колдонулбайт. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы көк бөрү мелдештери 20 мүнөттөн 3 таймга созулуп, тай казан пайдаланылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>