Түркияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Түркияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча акысыз билим алууну каалагандар үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул стипендиялык программалардын арасында мамлекеттик кызматкерлердин жана мугалимдердин түрк тилин үйрөнүүсү үчүн КАТИП деп аталган стипендиялык программасы да бар.

«Студенттер эки турдун жыйынтыгы менен тандалып алынат. Биринчи турда  талапкерлер Түркия Республикасынын мамлекеттик стипенидиялар расмий сайтынан https://turkiyeburslari.gov.tr онлайн каттоодон өтүшү керек. Биринчи турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, экинчи турга катышат. Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет. Кайсы университетке, бөлүмгө өткөндүгү жана кайсыл убакытта Түркияга келиши керектиги тууралуу маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине жиберилет», — деп жазылат маалыматта.

Окууга кабыл алуунун шарттары жана талаптарын бул шилтемеден толук окуй аласыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>