Түркияда аскердик истребитель кыйроого учурады

Түркияда аскердик истребитель кыйроого учурады

Түркиянын Конья шаарында “Түркия жылдыздары” учкучтар тобунун аскердик истребители кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Аскердик учак окуу-машыгуу учурунда кыйроого учураган. Алгач F-16 истребители кулаганы айтылып, кийинчээрек  Northrop F-5 истребители кыйраганын билдиришкен.

Мындай маалыматты, Түркиянын Коргоо министрлигида тастыктаган.

“ВВС Түркияга таандык учак Коньяда окуу-машыгуу учурунда абага көтөрүлүп, белгисиз себептерден улам 17:00дө (Бишкек убактысы) кыйроого учраган. Иликтөө иштери башталды”, — деп Коргоо министрлиги билдирүү тараткан.

Ошондой эле истребителди башкарып бара жаткан учкучта каза болгоунун кошумчалаган.

Түркиянын президентти Тайип Эрдоган учкучтун өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан.

“Коньяда өтүп жаткан машыгуу учурунда биздин учкучтун каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жакындарына, Куралдуу күчтөргө жана Түркия элине көңүл айтам”, — деп билдирген Эрдоган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>