Түркияда аскердик тик учак кулап, 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду

Түркияда аскердик тик учак кулап, 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду

Түркиянын түштүк-чыгышында аскердик тик учак кулап, 10 жоокер жана генерал-лейтенант Осман Эрбаш каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Тик учак Бингёль шаарынан 4-мартта күндүзү учуп чыгып, Татван шаарында кыйроого учураган . Тик учак менен болгон байланыш ал абага көтөрүлгөндөн кийинки жарым саатта үзүлүп калган.

Аны издөөгө дрон, CN-235 учагы жана тик учак жиберилген. Жыйынтыгында тик учак кыйроого учураганы аныкталган. Ал кулаган жерде аскер кызматкерлеринин төртө жарадар, тогузунун жансыз денеси табылган. Ал эми андан кийин дагы экөө каза болгон.

Тик учактын кулашына эмне себеп болгонун аныктоо үчүн тергөө иштери башталганы кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>