Түркияда учак кулап 7 адам набыт болду

Түркияда учак кулап 7 адам набыт болду

Түркиянын Ван провинциясында чалгындоо учагы кулап, жети адам каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Түркиянын Гоа аймагындагы Артус тоолорунан 2200 метр бийиктикте болгон. Анда чалгындоо учагы кырсыкка учурап, 5 коопсуздук кызматкери жана 2 учкуч каза болгон.

Түркиянын Ички иштер министрлиги кырсык боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Маалыматтарга караганда, 13-июлдан бери Ван жана Хаккари провинцияларында чалгындоо жана байкоо жүргүзүү учуулары аткарылып жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>