Түркиядагы кыргызстандыктар 15-майда чартердик каттам менен учуп келет

Түркиядагы кыргызстандыктар 15-майда чартердик каттам менен учуп келет

Кыргызстандын Түркиядагы жарандарын алып келүү үчүн 15-майга чартердик каттам уюштурулат. Каттамды ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк мекемелеринин ортосунда сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Билеттердин сатылышы аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Биринчи кезекте Түркияга дарылануу үчүн баргандар, улгайган жарандар, балалуу аялдар жана элчилик менен башкы консулдукка расмий түрдө кайрылгандар тизмеге катталган. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг. Кыргызстандын жарандары аэропортко учак учканга чейин 5 саат мурун барышы керек”, –  деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 17-апрелде 211, 24-апрелде 349 кыргызстандык Түркиядан Бишкекке чартердик каттам менен келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>