Site icon Reporter.kg

Түркиядагы жер титирөөдө 12 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алды

Түркиянын батыш тарабында катталган жер титирөөдөн кеминде 12 адам каза болуп, 600дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ 30- октябрда Грециянын Самос аралына жана Түркиянын Измир провинциясындагы Сеферихисар шаарына жакын жердеги Эгей деңизинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен Түркиянын Измир шаарларында 20га жакын турак үй урап, кеминде 12 адам каза болуп, 600дөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алган.

Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилди. Маселен Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алып, цунами болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

Түрк-грек бийлиги жер титирөө болгон аймактарда куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Exit mobile version