Site icon Reporter.kg

Түркиядан келген кыргызстандыктардын айрымдарынан коронавирус аныкталды

Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын айрымдарынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн баарынан анализ алынган.

Коронавирус аныкталгандар ооруканага жаткырылып, калгандары 14 күнгө үй карантинге жөнөтүлгөн.

17-апрелде Түркиянын Стамбул шаарынан Кыргызстандын 211 жараны алынып келинип, дароо обсервацияга жаткырылган.

Exit mobile version