Түркиянын Кыргызстанга жаңы элчиси дайындалды

Түркиянын Кыргызстанга жаңы элчиси дайындалды

Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Ахмет Садык Доган дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 12-апрелде, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2018-жылдан бери Женгиз Камил Фырат Кыргызстандагы түрк элчиси болуп турган. Ал мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу март айында кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>