Түркиянын президенти Тажикстанга эскертүү берди, — Ассоль Молдокматова

Түркиянын президенти Тажикстанга эскертүү берди, — Ассоль Молдокматова

Менин Түркиянын президентине жолдогон ачык катым жеткенин, мага азыр эле Түркиянын коомдук ишмери Өмер Эрдоган билдирди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Өмер Эрдогандын айтымында, Түркиянын президенти Эрдоган Орусиянын Тышкы иштер министрлигин чакырып, Мейман дос Кыргыз Республикасына каршы аскердик агрессия кайталанбоосу керектиги тууралуу Тажикстанга эскертүү берип коюну өтүнүптүр”, — деген Молдокматова.

Анын айтымында, Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровко телефон аркылуу Баткенде каза болгондорго көңүл айтып жана өлкө үчүн оор учурда колдоо көрсөткөн. Ал Кыргызстандын президентин расмий иш сапар менен Түркияга май айында келип кетүүгө чакырган.

Коомдук ишмер, Садыр Жапаров Түркия менен өнөктөштүк жана жакындашуу жаатында көптөгөн маселелерди чечет деп ишенерин кошумчалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>