Түркмөнстанда мыйзамсыз аборт жасоого катышкан акушер-гинекологдор текшерилүүдө

Түркмөнстанда мыйзамсыз аборт жасоого катышкан акушер-гинекологдор текшерилүүдө

Түркмөнстандын Лебап облусундагы Фарап жана Чаржев райондорунда прокуратура тергөөчүлөрү акыркы алты айдын ичинде мыйзамсыз аборт жасоого катышкан акушер-гинекологдордун ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун аймактагы кабарчысы билдирди.

Түркмөнстанда 2015-жылдан бери атайын комиссиянын кош бойлуулукка каршы келе турган көрсөтмөсүнүн негизинде гана бойдон алдырууга болот. Кабарчынын айтымында, аталган райондордо уруксат берүүчү бардык тиешелүү документтердин негизинде аборт жасаган акушер-гинекологдор текшерилүүдө.

Түркмөнстандын Кылмыш кодексинде мыйзамсыз аборт жасоо үчүн эки жыл коомдук жумуштарды аткартуу жазасы каралган. Эгер бойдон алдыруу боюнча операцияны тиешелүү медициналык билими жок адам жасаса, ал эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жергиликтүү акушерлердин айтымында, алардын дээрлик көбү күн сайын суракка чакырылып, бейтаптар кароосуз калып калышууда.

Бул текшерүүлөр боюнча өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен, Лебап облусундагы медициналык мекемелерден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын мыйзамдары кош бойлуу болгонуна беш айдан аша элек жарандарга аборт жасатууга уруксат берет. Бул үчүн аялдын жана күйөөсүнүн ата-энелеринин макулдугу талап кылынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>