Түркмөнстандын президентинин сүрөтү үчүн окуучулар акча чогултуп жатат

Түркмөнстандын президентинин сүрөтү үчүн окуучулар акча чогултуп жатат

Түркмөнстандын Мары облусунда бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан желек, президенттин сүрөтү жана башка көрсөтмө куралдар үчүн акча чогултулуп жатат.

Маалыматка караганда, облустун Байрамали шаарындагы № 4 мектептин мугалимдери 11-класстын ар бир окуучусунан 400 манаттан (114 доллар) чогултуп жатышат.

Жергиликтүү тургундар айрым колунда бар ата-энелердин балдарынан 500-600 манаттан суралып жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, мугалимдер чогулган акчанын көлөмү бүтүрүүчүлөрдүн жыл аягындагы бааларына таасир эте турганын эскертишүүдө.

Азырынча бул маселе боюнча аталган шаардагы мектеп жетекчилеринен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>