Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды

Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды

Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын декабрь айында финансы полициясы Ошто күнүмдүк колдонулуучу товарлар жүктөлгөн “ДАФ” маркасындагы жүк ташуучу автоунааны текшеришкен. Натыйжада ал жүк бажы көзөмөлүсүз өлкөгө киргенин аныктаган. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 700 миң сомдон ашуун бажы төлөмдөрү түшпөй калганы белгилүү болгон. 

Бул иш боюнча ыкчам териштирүү иштери жүрүп, 21-январда Мамлекеттик бажы кызматынын “Достук” өткөрүү бекетиндеги А.Р. аттуу тескөөчүсү кармалган.

Тергөө учурунда өлкө казынасына келген 706 260 сом зыян ордуна келтирилген. 

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда. 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>