Түштүк Кореда жүргөн 6 миң кыргызстандыктын 4 миңи мыйзамсыз жүрөт

Түштүк Кореда жүргөн 6 миң кыргызстандыктын 4 миңи мыйзамсыз жүрөт

Депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңештин 24-февралда өтүп жаткан кезексиз жыйынында Түштүк Кореяга иштейм деп барып, алданып калган жарандарга ким жардам берерин сурады.

“Бишкекте жумуш ордун таап беребиз деген фирмалар ачылып, Кореяга барып алган жарандарыбыз жумушу жок же акчасы жок калууда. Убагында аябай көп арыз түшкөн”, — деди эл өкүлү.

Ага Өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов, миграция кызматы аркылуу атайын тил боюнча экзамен тапшырып барыш керектигин, бир гана миграция кызматы аркылуу барган жарандарды гана Корея тааный турганын айтты.

“Тышкы иштер министринин маалыматы боюнча Түштүк Кореяда 6189 жаран бар, алардын 2 миңи тизмеде, калган 4 миңи жок экен. Аларда биздин жаран да”, — деди Бактыбек Турусбеков.

Абытов, алардын көбү окууга барып калып калгандар экенин кошумчалады.

“Ал жарандардын көпчүлүгү 3 айлык, 6 айлык ар кандай окууларга баргандар. Расмий баргандар тууралуу эч кандай маселе жок”, — деди Алмасбек Абытов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>