Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын алкагында, көмүр жагылган от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Борбор калаанын мэриясынын маалыматына ылайык, жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын газдаштыруу үчүн тендер жарыяланды.
Жумуштун сметалык баасы 6 миллион 198 миң 875 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.
От казандары газга өтө турчу мектептер:
- No12 бала бакча;
- №23 мектеп;
- No35 мектеп;
- №15 мектеп;
- No54 мектеп;
- No59 мектеп;
- №32 мектеп;
- Майып балдарды реабилитациялоо борбору.