Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жанында Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына каршы митинг өтүп жатат.
Митингге чыккандар депутаттар жаңы редакциясын окуй электигин айтышууда.
Акцияга Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Масалиев, активисттер, коомдук ишмерлер чогулушкан. Учурда милиция кызматкерлери тартипти сактап жатышат.