Түз эфир: Ак үй алдында «Интернетти көзөмөлдөө тууралуу» мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат

Түз эфир: Ак үй алдында «Интернетти көзөмөлдөө тууралуу» мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 25-июнда Ак үй алдында  “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Гүлшат Кадырова жана Айнура Осмонов.

24-июнда эл өкүлү Кадырова «Фейсбук» баракчасына аталган мыйзам долбоору боюнча билдирүүсүндө Facebook, Google жана Twitter ай сайын жалган маалыматтар тууралуу отчёт бере турганын жазган. Ошондой эле ал Европа Биримдиги да ири технологиялык компаниялардын жасалма жаңылыктар менен активдүү күрөшүүсүн каалай турганын белгилеген.

Гүлшат Кадырованын бул билдирүүсүнө соцтармактын колдонуучулары нааразычылыктарын билдиришип, демилгечи депутаттардын мандатын тапшыруусун талап кылышууда.

https://www.facebook.com/ReporterKGrus/videos/684902185405850/UzpfSTEwODUyMzU5ODgzMjUyMzc6MTQ5NzgxMTk1NzA2NzYzNg/

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>