Бишкектеги Келечек турак жай конушундагы No87 орто мектептин 5-классынын окуучусу, мектепке баргадан кийин каза болгон. Учурда Свердлов райондук мамлекеттик администрациясында No87 мектептин директорунун жана жамаатынын үстүнөн маркум кыздын ата-энеси жазган арызы боюнча жыйын өтүп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда кыздын апасы кызы Келечек турак жай конушундагы No87 орто мектептин 5-классынын окуучусу экенин, ал мектепке барган соң каза болгонун билдирген посту жарыяланган.