Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоого байланыштуу маалымат жыйын өткөрүүдө.
Президенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча Республикалык штаб түзүлүп, анын жетекчиси болуп Максат Мамытканов дайындалган.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 65 адам арыз берип, үч адам кайра арызын чакыртып алган.