Жогорку Кеңеш Интернетти көзөмөлдөгүсү келеби? деген темадагы онлайн-талкуу өтүп жатат.
Катышуучулар:
Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Түлегенов;
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова;
Медиа эксперт Ширбек Мамтокторов;
Юрист медиа эксперт Нурбек Садыков.
Жогорку Кеңештин депутаты кыргызстандыктар үчүн интернетти колдонууга чектөө киргизүүнү көздөөдө. Депутат Гүлшат Асылбаева тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду.