ТҮЗ ЭФИР: Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына журналисттер киргизилген жок

ТҮЗ ЭФИР: Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына журналисттер киргизилген жок

Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз жыйынына журналисттерди киргизбей жатышат.

“Достук” мейманканасында уюштурулган иш-чарада жыйындар залынын каалагасын белгисиз эки адам тосуп турат. Жыйынды чагылдырууга “Репортер кж”, “Азаттык”, “Кактус”, “Клооп”, “24 кж” өңдүү Кыргызстандагы жети массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барган. Алар журналисттердин эмнеге эшикти жаап алганы боюнча суроолоорун да жоопсуз калтырышууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттар кезексиз жыйынга саат 16:00дө чогуларын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>