Төө-Ашуу жана Ала-Белде жолдогу карлар тазаланууда – сүрөт

Төө-Ашуу жана Ала-Белде жолдогу карлар тазаланууда – сүрөт

Транспорт жана жол министрлиги Төө-Ашуу жана Ала-Белде жаңы жааган кардан тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады. 

Төө-Ашуу жана Ала-Белде 12-ноябрда таңга маал 10-15 см калыңдыкта кар түшкөн.  Буга байланыштуу жол кызматкерлери Бишкек-Ош автожолун кардан тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.   

Учурда жолдун аталган бөлүктөрүндө айдоочулар үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн.  Бирок дагы деле тазалоо иштери жана жолго кум, туз чачуу иштери уланууда. 

Министрлик бул кырдаалга байланыштуу коопсуздук үчүн айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана кышкы дөңгөлөктөрдү тагып, алыс жолго чыгарда техникалык текшерүүдөн өткөрүп алууну өтүнөт.

[su_image_carousel source=»media: 48021,48022,48020″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>