Төкмө акын Аалы Туткучевдин Таластык депутаттарга жазган ыры талкууда

Төкмө акын Аалы Туткучевдин Таластык депутаттарга жазган ыры талкууда

Төкмө акын Аалы Туткучевдин Жогорку Кеңештеги айрым таластык депутаттарга арнап жазган ыры талкууга алынууда.

Үч куплеттен турган бул ырдын биринчи куплети спиер Дастан Жумабековго тиешелүү болсо, экинчиси тилде сөөк жок” деп сүйлөгөн Зарыл Рысалиевге арналып жазылганы билинип турат.

Талас бул жердин куту да,
Таптаза ичи-тышы да.
Эң начар деген баласы,
Төрага болот ЖКга.

Күлдүрдү булар күлбөстү,
Манасты жерге сүйрөштү.
Сөөктө тилдин жоктугун,
Сөгүнбөй эле үйрөттү.

Залкарлар чыккан бул элден,
Куру эмес уучу билем мен.
Чыгаанын бербей ЖКга,
Чимкириктерин жиберген.

Интернет колдонуучулары ырдын үчүнчү куплети Талас облусунан чыккан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кошоматчы депутаттарына тиешелүү экендигин жазышууда.

 

View this post on Instagram

 

Күйгөндөн чыккан сөз.

A post shared by Аалы Туткучев (@aaly.tutkuchev) on

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>