Төрөбаев: 80 пайыз элди митинг өткөрөлү деп чакыралыбы?

Төрөбаев: 80 пайыз элди митинг өткөрөлү деп чакыралыбы?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев жаңы мыйзам долбоорун колдош керек деген пикирин билдирди.

Анын пикиринде, жаңы Конституцияда эч кандай ханституция жок жана президент жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

“Жаңы Конституциянын 88-беренесинде президент жоопкерчиликти жеке мойнуна алып жатат. Башка президенттердин учурунда мындай болгон эмес. 44-беренеде “Пенсия, социалдык жөлөк пул жана социалдык жардамдар жашоо шартынан кем болбош керек” деп турат. Эгерде ушул берен аткарылбаса эл чыгатта, аткарган жоксун деп талап кыла алат. Бул чоң жоопкерчилик. 80 пайыз добушун берген элди урматтайлыда, же 80 пайыз элди митинг өткөрөлү деп чакыралыбы? Алар келип алса анда эмне болот? Мен туура, жоопкерчиликтүү Конституция жазылган деп эсептейм. Бул мыйзам долбоорун колдош керек”, — деди Төрөбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>