Төрөбаев Исмаиловага: Деңгээлиңиз дагы эле өсө элек экен

Төрөбаев Исмаиловага: Деңгээлиңиз дагы эле өсө элек экен

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйынында өкмөт башчынын вице-премьерлик кызматына Элвира Сурабалдиеваны, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы дайындоо тууралуу сунушу каралууда.

Жыйында депутаттар талапкерлердин кесипкөйлүгүнө бара жаткан кызматына байланыштуу  суроолорду берип жатышат.

Көпчүлүк депутаттар социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаиловага карата көптөгөн суроолорду берип, анын буга чейинки ишин сындап жатышат.

Аларды бири «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Исмаилованын деңгээлин төмөн деп баалады.

“Сиздер бара жаткан кызмат жөн эле кызмат эмес, иштеш керек. Саясат жүргүзгүлө, интригадан алыс болгула. Сиз биздин кесиптешибиз болчусуз, беш жыл бирге иштегенбиз. Ачыгын айтканда мен сизден ушундай жоопторду күтөм деп ойлободум эле. Сиздин деңгээлиңиз өспөптүр, эч нерсеге дарданбапсыз”, – деди Төрөбаев.

Буга чейн чейин парламенттин конституциялык комитетинде колдоо тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>