Site icon Reporter.kg

Төрөбаев: Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда күрөш жүрөт

Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев социалдык баракчасында жазды.

“Негизинен учурда эки талапкер белгилүү болуп калды. Ошол эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул боюнча талапкерлер расмий каттоодон өткөндөн кийин айтам. Бүгүнкү күндө эч бир саясатчы же эксперт шайлоодо ким утаарын алдын ала айта албайт. Мен эки талапкердин тең жактоочуларына айткым келет, интернетте колдоп, талаш-тартыш жараткандын ордуна, элдин жүрөгүн, добушун алуу үчүн мыкты команда түзүп, иштөө керек”, – деп жазган Төрөбаев.

Төрөбаев ошондой эле, бул жолу президенттик шайлоодо көчөдө кыйкыргандар эмес, мыкты команда түзө алгандар жеңишке жетиши мүмкүн деп божомолдогон.

Exit mobile version