Төрөбай Зулпукаров Дыйканбаевдин “көрсөтмөсү” боюнча үн катты

Төрөбай Зулпукаров Дыйканбаевдин “көрсөтмөсү” боюнча үн катты

Бир апта мурун камакка алынган Жогорку Кеңештеги президенттин мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин тергөөдө Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергендиги айтылууда. Бул тууралуу жеке булактарына шилтеме кылып vb.kg басылмасы жазып чыкты.

Ушул эле кабарды жазып жаткан башка басылмалар Дыйканбаев Зулпукаровдун буйругу менен мамлекеттик мекеменин жетекчисин коркутуп акча алган болушу мүмкүн экенин жазышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров өзүнүн аты аталып жаткан кептер боюнча үн катып, маалыматты төгүнгө чыгарды.

“Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Анткени, эч кандай негиз жок. Ал эми Дыйканбаев 7 миллион сом алган деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцсеттерден окуп билдим”, – деген ал.

24-ноябрь күнү кармалган Курманбек Дыйканбаев  парламенттик шайлоо учурунда бийликтин партиясынын кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик кызматта иштеген жетекчиден 7 млн сом алып шайлоого жумшаганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>