Site icon Reporter.kg

Төрөкан Жунусбеков MegaCom’дун башкы директорунун кеңешчиси болдубу? Өзүнүн жообу

Буга чейин Бишкектин мэрлик кызматына өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп жүргөн Төрөкан Жунусбеков MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангуловдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта аны кызматка дайындоо буйругуна компаниянын жетекчиси өзү кол койгон, деп жазылат.

Бул боюнча «Репортёр» Жунусбековдун өзү менен байланышып, комментарий алды.

«Бул маалыматты биринчи жолу угуп жатам. Алар жалган маалымат таратышкан. Мен Таластамын, президенттик шайлоого даярдыктар жүрүп жатат, биздин команда Садыр Жапаровду колдойт», — деди Жунусбеков.

MegaCom кийинчерээк маалымат берүүгө убада кылды.

42 жаштагы Төрөкан Жунусбеков мэрияны басып алууга аракет кылган митингчилердин бири. Ал Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигин өзү колдогонун айтып келет. 

Exit mobile version