Төрага: Парламент качан ээн-эркин чечкенбиз? Эч качан чечкен эмеспиз

Төрага: Парламент качан ээн-эркин чечкенбиз? Эч качан чечкен эмеспиз

Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында депутат Дастан Бекешев жаңы Конституциянын жыйынтыгы эл үчүн оор болорун айтты.

Ага жооп иретинде төрага Талант Мамытов буга чейин президенттер өлкөнү көмүскө башкарып келсе, эми ачык башкарарын билдирди.

“Конституциянын долбоору 2 ай талкууга коюлду. Ошондо барып өзгөртүү киргизсеңер болот. Узурпация тууралуу айта турган болсом, парламент качан ээн-эркин чечкенбиз? Эч качан чечкен эмеспиз. Өзүбүз чечкенбиз деп айтат да, Өкмөт деле ошол президентке баш ийип келген. Кайсы гана президент болбосун жоопкерчиликтен качкан. Азыр президент жоопкерчиликти мойнуна алып жатат. Мурда жашыруун болсо, азыр ачык алып жатат”, — деди төрага Талант Мамытов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>