Төрт-Гүл суу сактагычындагы каналдын бөлүгү Тажикстанга берилгенби? Депутат текшерүүнү талап кылды

Төрт-Гүл суу сактагычындагы каналдын бөлүгү Тажикстанга берилгенби? Депутат текшерүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча билдирүүсүнө токтолду.

Тактап айтканда, Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычына кетүүчү каналдын баш жагы Тажикстанга берилгенин айтканына көңүл буруу керектигин айтты.

« Кечээ премьер-министр Улукбек Марипов өз программасы менен тааныштырып жатып бир кызык фактыны айтып алды. Ал Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы жөнүндө маселе. Бул суу сактагычынын стратегиялык мааниси зор. Эгер биз премьер-министрдин сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак жагына айланат», — деди Икрамов.

Ал өкмөттүн расмий маалыматын жабык эшик артында угуп, керек болсо, бул иштин жагдайын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Суу сактагыч Баткен районунда, Исфара дарыясынын жээгинде жайгашкан. Суу сактагычтын аянты 6,6 чарчы чакырым, суунун көлөмү 90 миллион кубометрди түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>